Mandriva Linux
                               =============

============================================================================

   Бул компакт-дисктин мазмуну © 2003-2005 Mandriva S.A. жана
   башкалардын автордук укуктары менен корголгон. Таратылуу шарттарын
   ар бир башат коддорунун пакеттериндеги жекече автордук укуктар
   жөнүндөгү маалыматтардан караңыз. Mandriva-тун автордук укуктары
   менен корголгон жарактардын таратылуу шарттарын COPYING файлынан караңыз.

   Mandriva Linux жана анын логотиби Mandriva S.A. соода белгилери болушат.

============================================================================

1. Каталогдордун түзүлүшү

   Бул каталог төмөнкүдөй түзүлгөн:

   |--> media/           
   |   |--> main/        негизги бинардык пакеттер
   |   |--> contrib/     кошумча бинардык пакеттер
   |   `--> media_info/  пакеттердин метаберимдери
   |--> install/         
   |   |--> extra/       орнотуудагы жарыя сүрөттөрү
   |   |--> images/      жүктөө элестери
   |   `--> stage2/      орнотуунун ramdisk элестери
   |       `--> live/    орнотуу программасынын файлдары
   |--> isolinux/        isolinux жүктөө элестери
   |--> doc/             орнотуунун ар тилдеги жардам файлдары
   |--> dosutils/        DOS үчүн орнотуу жарактары
   |--> misc/            башат файлдар, орнотуу бутактары
   |--> VERSION          учурдагы чыгарылыштын номуру
   |--> COPYING          автордук укуктар маалыматы
   |--> INSTALL.txt      орнотуу көрсөтмөлөрү
   `--> README.txt       ушул эле файл текст түрүндө

   Эгерде айрым бөлүмгө же NFS томуна күзгүлөштүрө турган болсоңуз, анда
   орнотууга тийиштүү "install/" ичиндеги бардык файлдарды
   алышыңыз зарыл, "media/" ичндеги бардык пакеттерди да, ошондой
   эле "isolinux/" ичиндеги isolinux элестерин да.

============================================================================

2. Орнотуу

   INSTALL.txt файлын караңыз.

   ШАЙКЕШТИК ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРТҮҮ:

   Mandriva Linux Pentium классындагы (Pentium(tm) жана ага шайкеш, AMD Athlon,
   Pentium 4...) процессорлордун ылдамдыгына ыңгайлаштырылып жасалган,
   ошондуктан ал эски i386 жана i486 негизиндеги компүтерлерде ИШТЕБЕЙТ.

============================================================================

3. Башат коддору

   Mandriva Linuxтин айрым өзгөчө пакеттери алардын башат коддору менен
   source-CDсинде берилет (PowerPack Edition).

   Башат коддорунун баарын биздин ФТП-серверлерден жүктөп алсаңыз болот.

   Интернетке ыңгайлуу байланышыңыз жок болсо, анда Mandriva чоң
   эмес төлөм үчүн башат коддорунун архивин салып жибериши мүмкүн.

============================================================================

4. Колдоо

   Интернетке туташыңыз бар болсо, караңыз:
     * http://www.mandriva.com/support

   Аны менен катар, кат таратуу кызматынын тизмесин бул жерден табасыз:
     * http://www.mandrivalinux.com/en/flists.php3

   Веб-барактарын кароого мүмкүнчүлүгүңүз болбосо, анда да башкы кат таратуу
   кызматына жазыла аласыз.  Жазылуу үчүн sympa@mandrivalinux.com дарегине
   каттын тулкусуна "subscribe newbie" сабын жазып билдирүү жибериңиз.

============================================================================

   Эгерде бул азык менен кошо документацияларын албаган болсоңуз, анда
   Mandriva Linux PowerPack Edition (бир нече CDнен турган Mandriva Linux + 
   Орнотуу жана Пайдалануу көрсөтмөлөрү + Орнотууну колдоо!) пакетин биздин
   онлайн дүкөндөн буюртуп алсаңыз болот:

     * http://www.mandrivastore.com/

============================================================================

5. Байланыш

   Mandriva менен бул жерден байланышсаңыз болот:

     * http://www.mandriva.com/company/contact